Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Грузияга жана Арменияга визит менен барат

2016-жылдын 12-13-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев расмий визит менен Грузияга барат.

Визиттин алкагында Президент Алмазбек Атамбаев Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланат. Расмий визиттин жыйынтыгы  боюнча бир катар документтерге кол коюу болжолдонууда.

Андан ары 13-14-октябрда Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Арменияга барып, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун (ЖККУ) Кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин, Армениянын, Беларустун, Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын  башчылары олуттуу эл аралык жана регионалдык проблемаларды, учурдун чакырыктары менен коркунучтарына каршы жамаатташып аракеттенүү чараларын талкуулашат.

2016-жыл 11-октябрь