Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 8-октябрда Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Социалдык фонддун ишмердиги, пенсия менен камсыздандыруунун абалы жана пенсиялардын орточо көлөмүн 5173 сомго жеткирген октябрь айындагы жогорулатуудан кийинки пенсияларды төлөөнүн башталышы тууралуу маалымат алды. Ошентип, өткөн жылга салыштырмалуу пенсиялардын орточо көлөмүнүн өсүшү 110,2 пайызды, ал эми камсыздандырылган бөлүгү  116,3 пайызды түздү.

Теңизбек Абжапаров ошондой эле өлкө Президентине  пенсияларды төлөм терминалдары аркылуу төлөөгө мүмкүндүк берүүчү Социалдык фонддун өз  биллинг системасын түзүү боюнча иш башталганын жана электрондук отчеттуулук системасын киргизүү жөнүндө  айтып берди. Анын жүзөгө ашырылышы менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетторду электрондук санариптик кол коюуну пайдалануу менен кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин пенсионерлер алдындагы социалдык милдеттенмелерин сапаттуу, өз убагында жана толук көлөмдө аткаруунун зарылчылыгын баса белгиледи.

2016-жыл 8-октябрь