Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент А.Ш. Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

Урматтуу жарандык авиация кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бүгүнкү күндө жарандык авиация өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө олуттуу орун ээлейт. Сиздердин кайратман эмгегиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр жана жогорку жоопкерчилигиңиздер менен бул  маанилүү тармакты сактап калдык. Азыркы күндө авиациянын Кыргыз Республикасынын өнөр жайын өнүктүрүүгө жана маданий потенциалын арттырууга, региондор аралык жана эл аралык байланыштарды чыңдоого зор таасир тийгизип жатканы шексиз.

Акыркы жылдары самолеттор паркы заманбап аба кемелери менен жаңыланууда. Жыл сайын аба каттамдарынын географиясы кеңейип, учурда республиканы алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен байланыштырып турган 35 эл аралык багыт боюнча түз каттамдар аткарылууда. Ички аба каттамдары да динамикалуу өнүгүп жатат. Быйыл “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту сутка бою иштеп баштап, жайында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын жана ага келген конокторду кабыл алды.

Учуулардын коопсуздугун арттыруу максатында аэробагыттар системаларын жана аба каттамдарынын радиолокациясын өнүктүрүү жана жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө, “Манас” эл аралык аэропортунда жаңы командалык-диспетчердик пункт колдонууга киргизилип жатат.

Бул ийгиликтер учкучтардын, штурмандардын, инженерлердин жана жердеги кызматтардын адистеринин талыкпаган эмгегинин натыйжасы.Алар татаал, жооптуу жана өлкөбүз үчүн өтө маанилүү жана зарыл болгон ишти ак ниеттүүлүк менен аткарышууда.

Авиация ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдирем. Алар биринчилерден болуп аба жолдорун өздөштүрүп, авиациянын жердеги инфраструктурасын түзүп, ишти кынтыксыз аткаруунун үлгүсүн көрсөтүштү. Улуттук авиаторлордун эң мыкты салттарын сактап калышты. Жарандык авиацияга келишкен жаштар улуу муундун ишин татыктуу улантышы керек.

Авиаторлордун алдында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү коопсуз жана сапаттуу ташуу, адам өмүрү менен саламаттыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жана аба каттамдарынындүйнөлүк системасында татыктуу орунду ээлөө милдети турат. Ошондуктан Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында жарандык авиацияга олуттуу көңүл бөлүнгөн. Кыргызстан келечекте региондогу ири транспорттук-логистикалык борборлордун биринеайланууга тийиш. Бул тармак Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн катализатору болуп калышы керек. Ал эми Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине кошулушу менен мындан ары да кыргыз жарандык авиациясынын потенциалы улам жогорулайбереринде шек жок.

Жарандык авиациянын бардык кызматкерлерине ачык асман, чың ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                        А.Ш. Атамбаев

2016-жыл 7-октябрь