Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев телефон аркылуу Россия Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-октябрда телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-россиялык көп пландуу  кызматташтыктын маанилүү проблемаларын жана ар башка багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы перспективаларын талкуулашты.

Учурдан пайдаланып, Президент Алмазбек Атамбаев Москвада Борбордук клиникалык ооруканада медициналык текшерүүдөн өтүшүнө көрсөткөн колдоосу жана көмөгү үчүн Россия Президенти Владимир Путинге ыраазылыгын билдирди.  

2016-жыл 7-октябрь