Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-октябрда  Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн энергетика системасынын алдыдагы жылытуу сезонуна карата даярдыгынын жүрүшү тууралуу маалымат алды. Атап айтканда, Президентке негизги энергетика объектилерин отун менен камсыз кылуу боюнча түзүлгөн келишимдер жана аларды оңдоо иштеринин жүрүшү жөнүндө маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев алдыдагы күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүгө, жылытуу сезону учурунда калкты электр кубаттуулугу жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн өлкөнүн энергетика системасын кылдат даярдоого байланыштуу Улуттук энергетика холдинг компаниясынын башчысына тапшырмаларды берди.

2016-жыл 7-октябрь