Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев УКМК Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 6-октябрда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн мамлекеттик башкаруу тутумундагы коррупциялык кылмыштардын алдын алуу, аларды ачыктоо жана иликтөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги багыттары жөнүндө маалымат алды.

Президент Алмазбек Атамбаев мындан ары антикоррупциялык чараларды жакшыртуунун жана коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу үчүн алдын алуу иштерин күчөтүүнүн маанилүү экендигин баса белгиледи.

2016-жыл 6-октябрь