Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстан Президенти Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында дипломатиялык мамилелер орногон күндөн баштап Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда конструктивдүү жана позитивдүү диалог орун алып, ал туруктуу өнүгүп жатканы белгиленген.

«Биздин мамлекеттер ортосундагы достук жана кошуналык жакын мамилелерди чыңдоого жана арттырууга Сиздин жеке салымыңыз баа жеткис. Кыргыз-тажик кызматташтыгынын мындан ары ийгиликтүү өнүгүшү Сиздин жеке көңүл бурушуңуз жана зор аракетиңиз менен ажырагыс  экенине терең ишенем”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Тажик Республикасынын жыргалчылыгы жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн Президент Эмомали Рахмонго бекем ден соолук, бакубатчылык жана эң жогорку мамлекеттик кызматында ийгиликтерди  каалады.

2016-жыл 5-октябрь