Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-октябрда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкө коопсуздугун камсыз кылуу жана терроризмге каршы чараларды мындан ары жакшыртуу боюнча иштин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат алды.

Президент Алмазбек Атамбаев учур чакырыктары жана коркунучтар коопсуздук органдарынан терроризм, диний экстремизм жана өлкөгө, анын жарандарына каршы багытталган башка кылмыштар менен көрөштүн натыйжалуулугун арттыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү талап кыларын баса белгиледи.

2016-жыл 5-октябрь