Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-октябрда  өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы коомдук жана укук тартибин камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат алды.

Кашкар Жунушалиев ички иштер органдарынын ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндап, милиция кызматкерлери үчүн турак жайдын курулушунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер органдары кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштерге, анын ичинде өлкөдө жол-транспорт кырсыктарынын санын кыскартууга жана болтурбоого өзгөчө көңүл буруусу зарыл экендигин баса белгиледи.

2016-жыл 5-октябрь