Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Пак Кын Хени Корея Республикасынын негизделген Күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хени  Корея Республикасынын негизделген Күнү менен куттуктады.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык принциптерине негизделген достук жана кызматташтык мамилелери элдерибиздин бакубаттыгы үчүн өргө карай өнүгөт жана бекемделет деп ишенем.

Кыргызстанды демократия жана парламентаризм жолунда мындан ары өнүктүрүү боюнча биздин аракеттерибизге Корея Республикасы тарабынан такай колдоону биз жогору баалайбыз», - деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Пак Кын Хеге чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубаттык жана мамлекеттик ишине чоң ийгиликтерди, ал эми дос Корея Республика элине тынчтык менен гүлдөп өсүүнүн каалады.

2016-жыл 3-октябрь