Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ГФРдин Федералдык Президенти Йоахим Гаукту жана ГФРдин Федералдык канцлери Ангела Меркелди Германиянын Биримдик күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаукту жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелди Германиянын Биримдик күнү менен куттуктады.

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаукка куттуктоо телеграммасында  кызматташтыктын соңку жылдары эки өлкөнүн өз ара алака-катышында маанилүү жылыштар болгону белгиленет.

«Кыргыз жана герман тараптардын жетишкендиктер менен чектелбөө ниети, эки тараптуу кызматташтыктын потенциалы али түгөнүп бүтө электигин түшүнгөнү жана эки элдин бакубаттыгы үчүн биздин мамлекеттердин өз ара мамилелерин мындан ары да өнүктүрүү үчүн колдон келгендин бардыгын жасап жатышкандыгы  кубандырат», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында. 

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелге куттуктоо телеграммасында  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кыргыз-герман катнаштары өнүгүүнүн жаңы белесине чыкканын белгилеген.

«Кыргызстанда Сиздин биздин өлкөгө 2016-жылдын июлундагы сапарыңызды абдан жылуу эстешет. Биздин мамлекеттер менен элдердин узак мөөнөттүү таламдарына туура келген чыныгы өнөктөш кызматташтыкка жеке катышкандыгыңыз үчүн Сизге ыраазылык жолдоого уруксат этиңиз. Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер гуманизм, демократия, толеранттуулук жана теӊ укуктук принциптерине негизделүү менен мындан ары да бекемделет жана тереңдейт деген ишенимди билдирем”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында. 

Президент Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаукка жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелге чың ден соолук жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми дос герман элине бакубаттык менен гүлдөп өсүүнүн каалады.

2016-жыл 3-октябрь