Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин мекендештерине кайрылуусу

«Урматтуу мекендештер!

Жүрөгүм капыстан ооруп калып, күтүүсүз башыма түшкөн кыйын кырдаалда мага колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн баарыңыздарга чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Мындай күндөрдө айтылган ар бир жылуу сөз, айрыкча ак баталар менен чын көңүлдөн чыккан тилектештик каалоолор өзгөчө кымбат. Сиздер мага сыркоону жеңүүгө күч-кубат бердиңиздер!

Мындай нерсе унутулбайт. Мен жана менин үй-бүлөм баарыңыздарга чын жүрөктөн ыраазыбыз!
Жараткан сиздерге бекем ден соолук жана бакыт, ал эми Мекенибизге - тынчтык жана берекет берсин!

Сиздерди урматтап жана ыраазычылык билдирип,

                                                                        Алмазбек Атамбаев»

2016-жыл 3-октябрь