Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КЭР Төрагасы Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 67 жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 67 жылдыгы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында бүгүн Кытай туруктуу өнүгүү жолунда ишенимдүү баратканы жана эл аралык мүнөздөгү маанилүү проблемаларды чечүүгө зор салым кошуп жатканы белгиленет. “Сиздин жеке көӊүл бөлүүӊүзгө жараша кыргыз-кытай мамилелери соңку жылдары жаӊы өнүгүүгө ээ болду, жакшы коӊшулук жана достук тереӊдеп жатат, стратегиялык өнөктөштүк кеңейүүдө. Жибек жолу экономикалык курчоосун түзүү алкагында жакын арада биргелешкен аракеттер менен Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун жана Кыргызстан – Кытай газ куурун куруу боюнча долбоорлору ишке ашыра баштайбыз деп ишенем”, - деп айтылат Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо телеграммасында.

Алмазбек Атамбаев Си Цзиньпинге чыӊ ден соолук, бакыт-таалай жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми Кытай Эл Республикасынын дос элине тынчтык менен гүлдөп өнүгүүнү каалады.

2016-жыл 1-октябрь