Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кипр Республикасынын Президенти Никос Анастасиадисти Кипрдин Көз карандысыздык алгандыгынын 56 жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кипр Республикасынын Президенти Никос Анастасиадисти Кипр Республикасынын Көз карандысыздык алгандыгынын  56 жылдыгы менен куттуктады.

“Биздин өлкөлөр ортосунда достук мамилелердин өнүгүшүнө кызыкдар экенимди билдирүү менен, Сизге  чыӊ ден соолук жана бакубаттык, ал эми дос Кипр элине тынчтык менен гүлдөп өнүгүүнү каалайм.

Улуу урматтуу, сизди бийик урматтайм деген ишеним сөздөрүмдү кабыл алыӊыз”, - деп белгиленет Президенттин куттуктоо телеграммасында.

2016-жыл 1-октябрь