Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Карылардын эл аралык күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештер!

Бул күнү бүт дүйнөдө улуу муундагы адамдарга зор камкордук көрүлүп, проблемаларына өзгөчө көӊүл бурулат. Чынында өз ата-энелерибиздин алдында, өз өмүрүн өлкөгө, балдарга, коомго арнаган бардык адамдар алдында баарыбыз жоопкербиз.

Мамлекеттик саясаттын акыбети, коомдун адеп-ыйман деӊгээли улуу муундун жашоосунан, карыларга жасалган камкордугунан даана көрүнөт. Кыргызстан элинин улууларга урмат мамилеси, өзгөчө камкордугу - эзелтен келаткан салт. Элибиздин «Карысы бардын ырысы бар» деген накыл кеби бир да заманда, бир да күнү маанисин жоготпойт.

Улуу муундан кийинкилер каармандыктын, патриотизмдин, чыдамкайлыктын үлгүсүн алууга тийиш. Алар согуштун каарын тартышкан, анын кесепеттерин жоюшкан, завод-фабрикаларды курушкан, мамлекетибизди түптөшкөн. Алар кандай гана оор заман башка түшпөсүн, эч качан багынып беришкен эмес – алар дайыма жаркын келечектен үмүтүн үзбөй, жакшы заман келерине бекем ишенишкен.

Азыр өлкөбүздө 425 миӊден ашуун улгайган адам бар, анын ичинен 238 карыя 100 жылдан ашык өмүр сүрүп жатат. Пенсионерлерди жана ардагерлерди ар тараптан колдоо, улууларга камкордук социалдык да, гуманитардык да, мамлекеттик да милдет болуп саналат.

Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу ардагерлер, аталар менен апалар, чоӊ аталар менен чоң энелер!

Биз баарыңыздарга дагы эле карызбыз, ар бир улгайган кыргызстандык ар тараптан камкордукка бөлөнүшү үчүн милдеттүү экенибизди сезебиз. 

Бүгүнкү жаркын майрамыӊыздар менен дагы бир жолу чын дилимден куттуктап, жылуу сөздөрүмдү жолдоймун.

Өлкөбүздү ийгиликтүү өнүктүрүүгө зарыл болгон сиздердин бай турмуштук тажрыйбаӊыздарды жогору баалайбыз жана кажыбас кайраттын, талыбас мээнеткечтиктин жана чыдамкайлыктын үлгүсүн алабыз!

Кыргызстан элинин атынан сиздерге чыӊ ден соолук, бакубаттык тилеймин. Жакындарыӊыздын кашында аманчылыкта өмүр сүрүӊүздөр.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                          А. Атамбаев»

2016-жыл 1-октябрь