Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев көрүнүктүү мамлекеттик жана саясый ишмер Шимон Перестин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу Израиль Президенти Реувен Ревлинге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев көрүнүктүү мамлекеттик жана саясый ишмер Шимон Перестин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу Израиль Мамлекетинин Президенти Реувен Ревлинге көңүл айтты.

«Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясый ишмер Шимон Перестин дүйнөдөн кайтышы тууралу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өз атыман Сизге, маркумдун туугандарына жана жакындарына, ошондой эле бүткүл израиль элине бул оор жоготууга байланыштуу чын дилимен көӊүл айтам», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

2016-жыл 29-сентябрь