Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Алмазбек Атамбаевдин тез сакайып кетүүсүн каалаган телеграмма жөнөттү

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге анын тез сакайып кетүүсүн каалаган телеграмма жөнөттү.

«Сиздин сыркоолоп, ооруканага жатып калганыңыз тууралуу кабарды өтө тынчсыздануу менен кабыл алдым. Сиздин тез арада сакайып кетишиңизге тилектештигимди билдирем»,- деп айтылат Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин телеграммасында.

2016-жыл 26-сентябрь