Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жүрөгүндөгү проблемадан улам БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына катышпайт

Бишкектен Нью-Йоркко бараткан жолдо Кыргыз Республикасынын делегациясы конуп өтө турган Ататүрк атындагы аба майданында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өзүн начар сезгендигине байланыштуу ага баштапкы медициналык текшерүү өткөрүлдү.

Кароодон кийин врачтар көкүрөгүндөгү оорусуна даттанган Мамлекет башчысы тез арада тереӊдетилген медициналык текшерүүдөн өтүүсү зарыл деген бүтүмгө келишти. Врачтардын алдын ала тыянагы боюнча, Мамлекет башчысынан жүрөгүндө проблемалардын симптомдору табылды. 

Буга байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев медициналык текшерүүдөн өтөт жана бир канча убакыт врачтардын кароосунда болот.

Ошондой эле Мамлекет башчысы БУУнун Башкы  Ассамблеясынын 71-сессиясына катышууга бараткан Кыргыз Республикасынын делегациясын жетектөөнү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге жүктөдү.

2016-жыл 20-сентябрь