Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына жумушчу сапар менен жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясында Жалпы дебаттарга катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына жумушчу сапар менен учуп кетти.

Жумушчу сапардын алкагында Мамлекет башчысы БУУ Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясынын Жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ООН Башкы катчысы Пан Ги Мун, Ачык коом институтунун негиздөөчүсү, филантроп Джордж Сорос жана ПРООН Администратору Хелен Кларк менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле жумушчу сапардын алкагында Президент Алмазбек Атамбаевдин АКШнын бир катар ири компанияларынын жетекчилери менен жолугушуулары болжолдонгон.

2016-жыл 19-сентябрь