Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн, 17-сентябрда  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди  туулган күнү менен куттуктады.

«Былтыр октябрда Бишкекте мени жана менин командамды кабыл алган кездеги Сиздин меймандостугуӊуз, ошондой эле  сиздердин өкмөттүн С5+1 демилгесин колдогондугу үчүн жеке ыраазылыгымды билдиргим келет. Ошондой эле Кыргыз Республикасында демократияны өнүктүрүү боюнча Сиздин аракеттериӊизди да белгилегим келет. Бул маселе боюнча Сиздин жетекчилигиӊиз сиздердин мекендештер үчүн гана эмес, бүт Борбор Азияда демократташтыруу процесстери үчүн да өтө маанилүү», - деп айтылат Жон Керринин куттуктоо телеграммасында.

АКШ Мамкатчысы ошондой эле Кыргыз Республикасы өз көз карандысыздыгын жарыялагандан берки 25 жыл арасында эки өлкө өз жарандарынын гүлдөп өсүшү жана коопсуздугун бкемдөө боюнча бирге өнөктөшүп келатканын белгиледи.

«Мен алдыда көптөгөн жемиштүү жылдарды канааттануу менен күтөм», - деп аяктайт куттуктоосун Жон Керри.

2016-жыл 17-сентябрь