Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын   Бишкекте өткөн отурумуна катышкан Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жылуу учурашып, россиялык өкүлдөрдүн Кыргызстанга келишине кубанычтуу экенин белгиледи.

«Мен Сизди көргөнгө ар дайым кубанычтамын, анткени Сизди көргөндө бир тууганымды жолуктургандай болом. Мен россиялык өкүлдөрдү көргөнүмө кубанычтамын. Президент катары 5 жыл ичиндеги менин эң башкы жетишкендиктеримдин бири – бул кандай болгондо да Россия менен болгон жакшы мамилелерди кайтарганым болду деп эсептейм. Биздин аталарыбыз душман менен чогуу согушканы бекеринен эмес», - деди Президент.

Владимир Путин өз кезегинде Мамлекет башчысын туулган күнү менен куттуктады.

«Мен кесиптештерим менен бирге ушул күнү Сиз менен чогуу болгонубузга кубанычтамын. Биздин мамлекеттер аралык мамилелер бардык багыттарда – жарандык кызматташтыкта да, аскерий кызматташтыкта да жакшы өнүгүп жатат. Албетте, биз кыйла татаал шарттарда иштеп жатабыз, бирок, ага карабастан, алдыга коюлган милдеттерди негизинен аткарып жатабыз жана бүгүн биздин мамилелердин бүтүндөй комплекси боюнча кенен-кесир сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бар», - деди Россия Президенти.

Ал КМШнын юбилейлик саммитин эң жогорку деңгээлде өткөргөнү үчүн Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди.  Владимир Путин ошондой эле Кыргызстандын борбор шаары сезилерлик өзгөргөнүн белгиледи.

«Кечээ Бишкекти кыдырып келатып шаардын жакшырып баратканын көрүп, кубандым. Биздин элчибиз шаарда көп жаңылыктар болуп жатканын айтып берди. Бул да болсо Сиздин жана Сиздин командаңыздын үзүрдүү ишинин натыйжасы. Мен экономиканын чыңдалышын жана социалдык чөйрөдөгү жетишкендиктерди айтып жатам. Мен Сизди биринчи кезекте ушул ийгиликтериңиз менен куттуктайм», - деди Владимир Путин.

Россия Федерациясынын жетекчиси Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы көп тармактуу кызматташтыкты жана өз ара ишенимди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кошкон чоң салымы үчүн Алмазбек Атамбаевди Александр Невский ордени менен сыйлады.

«Биздин тарыхыбыздагы эң жакшы салттарды жүрөк тереңинде сактаган адам катары Сиз үчүн бул эң ылайыктуу сыйлык», - деди Россия Федерациясынын жетекчиси.

Кыргыз Республикасынын Президенти өз кезегинде жогорку сыйлык үчүн өз кесиптешине ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

2016-жыл 17-сентябрь