Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 17-сентябрда Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев  Кыргызстан Президентине чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишинде жаңы ийгиликтерди каалады. Ал ошондой эле Россияда Алмазбек Атамбаевди тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер, орус-кыргыз союздук мамилелеринин бүт комплексин ырааттуу чыңдоо ишинин тарапкери катары билишерин белгиледи.

«Көбүнчө Сиздин жеке аракеттериңиз менен соодада жана экономикада, өнөр жайында жана энергетикада ири долбоорлор жүзөгө ашырылып, эки тараптуу маданий жана илимий-техникалык байланыштар кулачын жаюуда», - деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле Дмитрий Медведев Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине кошулушу жана республикада тийиштүү инфраструктуралык, финансылык жана социалдык программалардын жүзөгө ашырылышы маанилүү окуя болуп калганын белгиледи.

2016-жыл 17-сентябрь