Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Индия Премьер-министри Нарендра Модини туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модини туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Нарендра Модинин аракеттери менен Индиянын туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө багытталган маанилүү идеяларга жана милдеттерге ширелген Индиянын тарыхындагы жаңы барак ачылгандыгы белгиленген. “Индия элинин жыргалчылыгы үчүн Сиздин жетекчилигиңиз алдында өлкөдөгү реформалар ийгиликтүү жүзөгө ашаарына ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.

«2015-жылдын июль айында Сиз менен Бишкектеги жолугушууну канааттануу менен эскерем. Анын жүрүшүндө биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү боюнча маанилүү келишимдерге жетишкен болчубуз.

Жалпы аракеттер менен эки өлкө ортосундагы маданий-тарыхый жана достук байланыштарга негизделген кыргыз-индия мамилелери мындан ары да өнүгүп, тереңдей берерине ишенем», - деп айтылат Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо телеграммасында.

Мамлекет башчысы Индия Премьер-министрине ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде албан ийгиликтерди, ал эми Индия элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

2016-жыл 17-сентябрь