Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев, Россия Президенти В. Путин, Армения Президенти С. Саргсян жана Молдова Премьер-министри П. Филип 1916-жылы курман болгондордун эстелик Мемориалына гүл коюшту

Бүгүн, 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян жана  Молдова Республикасынын Премьер-министри Павел Филип “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексиндеги 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун эстелик Мемориалына гүл коюшту.

Маалымат иретинде: “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондорго арналган эстелик Мемориалын ачуу аземи Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди н катышуусу менен 2016-жылдын 2-сентябрында болгон.

2016-жыл 17-сентябрь