Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстан Президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Өзбекстан Президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев  бүгүн, 17-сентябрда  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди  туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо тексти:

«Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Сиздин туулган күнүӊүзгө байланыштуу мен чын дилимден куттуктоомду жолдойм.

Тарыхый жактан калыптанган өзбек-кыргыз мамилелери мындан ары да жакшы коӊшулук, өз ара урматташуу жана биздин өлкөлөр менен элдердин эки жактуу кызыкчылыктарын эске алуу принциптеринин  негизинде өнүгөт деп ишенем.

Учурдан пайдаланып, урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге чыӊ ден соолук жана мамлекеттик ишиңизге ийгилик, ал эми Кыргызстан элине тынчтык менен бакубатчылык каалайм.

Урматтоо менен,

Шавкат Мирзиёев

Өзбекстан Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу».

2016-жыл 17-сентябрь