Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Беларусь Президенти Александр Лукашенко Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 17-сентябрда Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Сиздин юбилейиңизге байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алып коюңуз.

Сиздин кесипкөйлүгүңүз, максатка умтулгандыгыңыз жана Кыргызстан элине берилип кызмат кылууңуз Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чыңдоодогу ийгиликтердин жана өлкө аброюнун кепили болуп саналат.

Беларус-кыргыз мамилелериндеги мүмкүнчүлүктөрдү кеңири ишке киргизүү саясий өз ара аракеттенүүнүн пайдубалын кыйла бекемдеп, өлкөлөрүбүздүн экономикаларынын өсүшү үчүн негиз болуп бере алаарына ишенем.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, чын дилимден Сизге бардык ойлогон оюңузду жана саамалыктарыңызды  ишке ашырууда ийгиликтерди каалайм. Сизге, Сиздин туугандарыңызга жана жакындарыңызга бекем ден соолук, бакубатчылык жана кубаныч каалайм.

Урматтоо менен,

Александр Лукашенко».

2016-жыл 17-сентябрь