Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 17-сентябрдя Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

«Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын ниеттен чыккан куттуктоомду жана жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алып коюңуз!

Акыркы жылдары кытай-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк мамилелери динамикалуу өнүгө баштаганы байкалат. Биздин өлкөлөр ортосунда бардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтык улам тереңдөөдө. Мен ар дайым июнь айынын акырында Ташкент шаарындагы экөөбүздүн жолугушууну жылуу эскерем. Анда биз эки тараптуу мамилелер жана кызматташтык жаатында кенен-кесир пикир алмашып, бир катар маанилүү келишимдерге жетишкенбиз. Мен кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүшүн жогору баалайм жана биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелерди туруктуу өнүктүрүү үчүн Сиз менен бирге аракеттенүүгө даярмын.

Улуу урматтуу, Сизге бекем ден соолук жана бардык саамалыктарда ийгилик каалайм.

Жакшы каалоо-тилектерим менен ,

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы

Си Цзиньпин». 

2016-жыл 17-сентябрь