Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 2016-жыл 17-сентябрда  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди  туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат:

«Сиздин юбилейге байланыштуу чын дилимден куттуктоону кабыл алыңыз.

Сиздин жетекчилик астында Кыргызстан туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү баратат, региондук жана эл аралык иштерде конструктивдүү роль ойноп жатат. Сиз өз мекениӊизде да, чет жакта да жогорку кадыр-баркка ээсиз.

Биздин өлкөлөр ортосундагы стратегиялык шериктештиктин жана союздук мамилелердин бардык комплексинин бекемделишине, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги эки тарапка пайдалуу интеграциялык процесстерди тереӊдетүүгө Сиздин жеке салымыңызга баа жетпейт.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге чыӊ ден соолук, бакты-таалай, бакубатчылык, түгөнгүс күч-кубат жана сиздин мамлекеттик ишмердигиңизде жаңы ийгиликтерди каалайм.

Урматтоо менен,

В. Путин».

2016-жыл 17-сентябрь