Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КМШ мамлекеттеринин башчылары Кеңешинин тар чөйрөдөгү отурум болуп өттү

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Көз карандысыз Малекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү отуруму болуп өттү.

Отурумду ачып жатып Президент Алмазбек Атамбаев КМШ мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн башчылары менен кыргыз жергесинде жылуу учурашты, ошондой эле бүгүнкү отурумга катышып жатышкандары үчүн ыраазычылык билдирди жана Көз карандысыз Малекеттердин Шериктештигинин 25 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы ошондой эле Сергей Лебедев баш болгон КМШ Аткаруу комитетине бүгүнкү отурумду даярдоого жана өткөрүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. «Кыргыз Республикасына Шериктештиктин 25 жылдыгы белгиленип жаткан жылы ага төрагалык кылуу урматы туш келди»,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын айтымында, төрагалык кылуу учурунда кыргыз тарап Уюмду оптималдаштыруу маселелерин талкуулоого активдүү катышты, Шериктештиктин мындан ары өнүгүшүнө оң таасир эте турган идеяларды жана сунуштарды берди.

Президент Алмазбек Атамбаев юбилейлик отурум достук жана конструктивдүү маанайда өтөрүнө жана бардык маселелер боюнча тараптар жалпы пикирге келе турганына ишеним билдирди.

Андан ары отурум кеңейтилген форматта өтөт.

2016-жыл 16-сентябрь