Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында КМШ мамлекеттеринин 25-юбилейлик саммити башталды

 «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 16-сентябрда Көз карандысыз Малекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Кеңешинин 25-юбилейлик  отуруму башталды.

Саммитке Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Азербайжан Президенти Ильхам Алиев, Армения Президенти Серж Саргсян, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикистан Президенти Эмомали Рахмон,  ошондой эле Молдова премьер-министри Павел Филип, Түркмөнстан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бяшиммурад Ходжамамедов, Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Укранинанын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Дорошенко катышып жатышат.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында КМШ өлкөлөрүнүн башчыларын Президент Алмазбек Атамбаев тосуп алды.

Чогуу сүрөткө түшкөн соң мамлекет башчылары Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өтө турган КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү отуруму боло турган залды карай бет алышты.

2016-жыл 16-сентябрь