Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Молдованын Премьер-министри Павел Филип менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-сентябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын Кеӊешинин юбилейлик жыйынына катышуу үчүн өлкөбүзгө келген  Молдова Республикасынын Премьер-министри Павел Филип менен жолугушту. 

Жолугушууда Кыргызстан менен Молдова ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү маселелери талкууланды жана ар кайсы чөйрөлөрдө эки тараптуу байланыштарды арттыруунун мааниси  белгиленди.

Молдованын Премьер-министри Павел Филип жылуу кабыл алып, өз ара кызыгууну жараткан эки тараптуу карым-катнаштарды талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазылыгын жолдоду.

Шериктештик өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн эң зарыл маселелери боюнча ой-пикирлерди алмашуу үчүн КМШ жакшы талкуу аянтчасы болуп калганы белгиленди.

2016-жыл 16-сентябрь