Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага депутат Ө. Текебаев жарыя кылган маалыматтарды текшерүүнү тапшырды

Кыргызстан Президенти Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага депутат Өмүрбек Текебаев 2016-жылдын 15-сентябрында пресс-конференцияда жарыя кылган маалыматтарды кыска мөөнөттө текшерип чыгууну тапшырды. Башкы прокурор Индира Джолдубаевага жер тилкесине байланышкан окуялардын ырааты жана операциялардын мыйзамдуулугу боюнча ким экендигине карабастан мыйзам чегинде чара көрүү тапшырылды.

Башкы прокуратура текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу Президентке жана коомчулукка маалымат бериши керек.

2016-жыл 16-сентябрь