Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-сентябрда  Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.

Абдулазиз Камилов өзбек тарап позитивдүү маанайда жана өз ара сыйлашуунун жана кошуналык салттардын негизинде кыргыз-өзбек мамилелеринин бүтүндөй комплекси боюнча активдүү ишти баштоого даяр экендигин билдирди.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди активдештирүүгө кызыкдар экендигин жана эки өлкө ортосундагы маселелерди конструктивдүү диалог жолу менен чечүүгө олуттуу саясий маанайдын бар экендигин бекемдешти.

Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Президент Алмазбек Атамбаевге Өзбекстан Президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевдин саламын жана чын жүрөктөн чыккан каалоолорун айтты.

2016-жыл 15-сентябрь