Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Татарстан Президенти Рустам Минниханов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда өлкөгө жумушчу сапар менен келген Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Татарстан ортосундагы маданий-гуманитардык жана  соода-экономикалык жааттарда кызматташуу маселелери талкууланды, ар кыл багыттар боюнча эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаев  II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга визит менен келгени үчүн Татарстан Президенти Рустам Миннихановго ыраазычылык билдирди.

2016-жыл 3-сентябрь