Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Гагаузия Башканы Ирина Влах менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Гагаузия Автономдуу-аймактык бирикменин (ААБ) Башканы Ирина Влах менен жолугушту.

Жолугушууда эки элдин ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды эске алуу менен Кыргызстан менен Гагаузия ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев  II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга визит менен келгени үчүн Гагаузия Башканы Ирина Влахка ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Ирина Влах жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык айтып, бүгүн дүйнө элдеринин каада-салттарын жана маданиятын кайра жаралуусунда өзгөчө роль ойноп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бириктиргич маанилүү идеясын белгиледи.

2016-жыл 3-сентябрь