Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлиси Сенатынын Төрагасы Нигматилла Юлдашевге Өзбекстан Президенти Ислам Каримовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлиси Сенатынын Төрагасы Нигматилла Юлдашевге Өзбекстан Президенти Ислам Каримовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, жаркын жана жигердүү саясатчы, көз карандысыз Өзбекстандын көп жылдардан берки лидери Ислам Абдуганиевич Каримовдун дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Телеграммада Кыргызстан Президенти тажрыйбалуу башкаруучу жана мыкты уюштуруучу катары Ислам Абдуганиевич өзүн СССР мезгилинен баштап көрсөтө алганын белгиледи. Эгемендүү Өзбекстандын калыптануу мезгилинде   ал өлкөнүн эл аралык позициясын чыңдоодо, анын социалдык-экономикалык өнүгүшүндө башкы ролду ойноду.

“Ислам Абдуганиевич эки тараптуу кыргыз-өзбек мамилелерин калыптандырууга жана өнүктүрүүгө эбегейсиз зор салым кошту. Анын талыкпаган аракети менен эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыктын маселелерин чечүү динамикалуу мүнөзгө ээ болду. Анын катышуусу менен азыркы замандын олуттуу чакырыктарынан улам келип чыккан эң татаал маселелер чечилчү. 

Биз Ислам Абдуганиевичти кыргыз-өзбек мамилелери үчүн чындап күйгөн улуу жолдош катары билебиз.

“Ортодогу достукту жана өнөктөштүктү сактоо жана мындан ары да чыңдоо  биздин негизги максатыбыз жана ал Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин  чыныгы кызыкчылыктарына жооп берет деп ишенем. Ислам Абдуганиевич бул асыл максат үчүн талыкпаган ишмердүүлүгүн арнаган», - деп айтылат телеграммада.

Президент Алмазбек Атамбаев бүтүндөй бир тууган өзбек элине жана Өзбекстан жетекчилигине терең кайгыруу менен жана чын дилден көңүл айтты.

Мамлекет башчысы ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Биринчи айымы Татьяна Каримовага көңүл айтуу жөнөтүү.

«Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Абдуганиевич Каримовдун дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Анын мезгилсиз кетиши менин эле эмес, бүтүндөй Кыргызстан элинин жүрөгүн оорутту.

Биз баарыбыз Ислам Абдуганиевичти Өзбекстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери катары эстеп калабыз. Бир тууган Өзбекстан өлкөсүнүн калыптанышы жана динамикалуу өнүгүшү анын ысмы менен тыгыз байланышкан. Мамлекеттик масштабдагы жетекчилик таланты, ак ниеттүүлүгү, турмуштук бай тажрыйбасы жана акылмандыгы Ислам Абдугаиевичти чоң урмат-сыйга бөлөдү», - деп айтылат телеграммада.

Президент Алмазбек Атамбаев быйылкы жылдын 23-июнунда ШКУ саммитинин алкагында Ташкент шаарындагы Ислам Абдуганиевич менен акыркы  жолугушууну жылуу эскерет.

«Жан дүйнөсү кең жана эмгекчил адам болгондуктан, ал Өзбекстанда да,  кыргыз-өзбек мамилелеринде да болуп жаткан бардык нерселерди жүрөгүнөн өткөрөөр эле.

Татьяна Акбаровна, менин Сизге, Сиздин балдарыңызга, Ислам Абдуганиевичтин туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду кабыл алып коюңуз», - деп айтылат телеграммада.

2016-жыл 3-сентябрь