Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Европа бирлигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа бирлигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа бирлигинин ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын кеңири чөйрөсү, эки тараптуу келишимдердин, анын ичинде шайлоо чөйрөсүндөгү келишимдердин,  аткарылышынын жүрүшү, ошондой эле ар кыл чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнүн негизги артыкчылыктары талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Европа бирлигинин Атайын өкүлү Петер Буриан Кыргызстанда ар кыл чөйрөлөрдө реформалардын жүзөгө ашырылышынын жүрүшүнө, адам укуктарын чыңдоого жана коррупцияга каршы күрөшкө, ошондой эле өлкө Конституциясына сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөргө тийешеси бар маселелерди талкуулашты. Ошондой эле ачык-айкындуулуктун жана атаандаштыктын шарттарында өтүүгө тийиш болгон президенттик шайлоону өткөрүүгө даярдыкка көңүл бөлүндү.

Мамлекет башчысы өлкөнүн эли үчүн зор мааниси бар иш-чарага – 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун эстелик Мемориалын ачуу аземине катышкандыгы үчүн Европа бирлигинин Атайын өкүлүнө ыраазычылык билдирди.

Европа бирлигинин Атайын өкүлү Петер Буриан II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Жолугушууга ошондой эле Европа биолигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы Чезаре Де Монтис катышты.

2016-жыл 3-сентябрь