Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ Мамкатчысынын жардамчысынын орун басарлары Дэн Розенблюмду жана Ангела Аггелерди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев АКШ Мамкатчысынын жардамчысынын орун басарлары Дэн Розенблюмду жана Ангела Аггелерди кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле ар кайсы чөйрөлөрдө мындан ары өз ара аракеттенүүнүн перспективалары талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ Президентинин атынан Кыргызстан эли үчүн маанилүү окуя болуп эсептелген 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун эстелик Мемориалын ачууга катышуу үчүн келишкен америкалык өкүлдөргө ыраазычылык билдирди.

АКШ Мамкатчысынын жардамчысынын орун басарлары Дэн Розенблюм жана Ангела Аггелер Мемориалды ачуу учурундагы таасирлер тууралуу айтып берип, жылуу кабыл алуу жана кыргыз-америкалык эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык айтышты.

АКШ Мамкатчысынын жардамчысынын орун басарлары II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине да катышышат.

Жолугушууга АКШнын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шейла Гуолтни да катышты.

2016-жыл 3-сентябрь