Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.

Жолугушууда уюмдун азыркы ишине байланышкан жана быйыл октябрь айында өтө турган Жаматтык коопсуздук кеӊешинин сессиясына жана ЖККУнун уставдык органдарынын жыйындарына даярдыктардын жүрүшү тууралу маселелер талкууланды.

Мындан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев менен ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге биргелешип каршы туруу пландарын, ошондой эле региондук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүлөр аспектилерин  талкуулашты.

Кыргызстанга сапарынын алкагында  ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун урматына Эстеликтин ачылуу аземине катышат.

2016-жыл 1-сентябрь