Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Индиянын Президенти Пранаб Мукерджи Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Индия Республикасынын Президенти Пранаб Мукерджи Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Индиянын Президенти Пранаб Мукерджи куттуктоо телеграммасында төмөндөгүлөрдү белгиледи: «Биздин демократиялардын тыгыз достук мамилелери жана кызматташтык жалпы баалуулуктарга жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген. Жакынкы жылдары биздин мамилелер кеңири кулач жаярына жана бекемдей берерине ишенем».

Ошондой эле Пранаб Мукерджи дос Кыргызстан элине мындан аркы өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалады.

2016-жыл 30-август