Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдель Азиз Аль-Сауд Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдель Азиз Аль-Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Сауд Аравиясынын Королдугунун элинин жана Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атыман өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата чын дилимден чыккан куттуктоолорумду жана жакшы тилектеримди, Улуу урматтуу, Сизге ден соолук жана бакыт, ал эми бир тууган Кыргызстан Өкмөтүнө жана элине жыргалчылык жана гүлдөп өнүгүү кааларымды зор канааттануу менен билдирем»,- деп айтылат Сауд Аравииясынын Королунун куттуктоосунда.

2016-жыл 30-август