Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана өлкөнүн элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Түркмөнстандын элинин жана Өкмөтүнүн атынан, ошондой эле өзүмдүн атымын Сизге жана Сиз аркылуу өлкөңүздүн жалпы дос элине Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жолдойм.

Биздин бир тууган өлкөлөрдүн ортосунда калыптанып калган кызматташуунун жана өз ара түшүнүшүүнүн бийик деңгээли биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн Түркмөнстан менен Кыргызстандын Уортосундагы өз ара пайдалуу мамилелердин өнүгүшүнө жана бекемделишине бекем негиз катары кызмат кыларына ишенем», - деп айтылат Түркмөнстан Президентинин куттуктоосунда.

2016-жыл 30-август