Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

БАЭ Президенти Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахайян Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахайян Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин  Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Чоң канааттануу менен Сизди жана бүтүндөй Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктайм. Сизге бекем ден соолук, ал эми бир тууган Кыргызстан элине – мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү  жана бакубатчылык каалайм », - деп айтылат БАЭ Президенти Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахайяндын куттуктоо телеграммасында.

2016-жыл 30-август