Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Польша Президенти Анджей Дуда Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Польша Республикасынын Президенти Анджей Дуда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана өлкө эллин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Польша парламенттик демократияны жана саясий плюрализмди өнүктүрүү жана бекемдөө, ошондой эле экономикалык кыйынчылыктарды жеңүү жаатындагы Кыргызстандын умтулууларына жана жетишкендиктерине урматтоо менен мамиле жасайт»,- деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Польша Президенти Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүүнү жана бул бийик милдеттерди жүзөгө ашырууну, ошондой эле бүт кыргыз элине бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.

2016-жыл 30-август