Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Иран Президенти Хасан Роухани Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана өлкө элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Иран Президенти эки өлкөнүн жетекчилеринин олуттуу аракеттери менен өз ара достук мамилелер эки тараптын кызыкчылыктары үчүн мындан ары да өнүгө берерине ишеним билдирген.

Иран Президенти Хасан Роухани Президент Алмазбек Атамбаевге бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми дос Кыргызстан элине – ийгиликтерди жана бакыт каалады.

2016-жыл 30-август