Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Германия Президенти Йоахим Гаук Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Йоахим Гаук Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат: «Биздин өлкөлөр ортосундагы жандуу эки тараптуу мамилелерге чейрек кылым болду. Мен Германия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин өнүгүп жана тереңдеп баратканына кубанычтамын. Ошентип, мындан ары да биздин кызматташтыгыбызды калыптандыра бере турган бекем пайдубал курулду.

Демократияны жана укуктук мамлекетти бекемдөө, ошондой эле этностор аралык ынтымакты  бекемдөө жолундагы Сиздин өлкөнүн аракеттерине Германия чоң ынтаа жана терең урматтоо менен көңүл бөлөт. Кыргызстан мындан ары да Германия Федеративдүү Республикасынын колдоосуна таянса болот ».

Ошондой эле Германия Президенти Йоахим Гаук Президент Алмазбек Атамбаевге сак-саламатчылык, ал эми Кыргызстан элине – тынчтык, эркиндик жана бакубатчылык каалады.

2016-жыл 30-август