Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Фоторепортаж — Сот-укуктук реформанын алкагында иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топ мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Сот-укуктук реформанын алкагында иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Өкмөт мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Эксперттик жумушчу тобунун мүчөлөрү — жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Гүлмира Маматкеримова, Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин проректору Лейла Сыдыкова, Ж. Баласагын атындагы кыргыз Улуттук университетинин юридикалык факультетинин деканы Канатбек Сманалиев, укуктук эксперт Тахмина Ашуралиева өлкөнүн кылмыш-жаза мыйзамдарын реформалоонун алкагында сот-укуктук реформанын Концепциясын кабыл алуу, айрыкча жаңы кодекстердин өзгөчөлүктөрү жана мыйзам чыгаруунун башка нормалары боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу айтып беришти.

Бузуулар жана Жоруктар, Кылмыш жана жаза, Жаза аткаруу  кодекстери, Пробация жөнүндөгү мыйзам, ошондой эле аталган мыйзамдарды ишке ашыруу механизмдери жана мамлекеттик органдардын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин каржылоого байланыштуу маселелер талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары жаңы кодекстердеги резонанс жараткан беренелердин азыркы абалын жана мыйзамдарды тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте дыкат изилдөөнү, кыска мөөнөт аралыгында Жогорку Кеңешке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын демилгеси менен өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев модератор болду.

Маалымат:

Сот-укуктук реформанын алкагында жүргүзүлгөн иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы «Сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган айрым мыйзам актылары жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

Анын курамына Президенттин, Өкмөт Аппараттарынын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, ИИМдин, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү, окумуштуу-укук таануучулар, адвокаттар, көз карандысыз эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү кирген.

Эксперттик жумушчу топтун жетекчиси — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев.

2019-жыл 29-январь