Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Фоторепортаж — Бишкекте Ленинградды курчоодон толук бошотуунун 75 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү

Бүгүн, 25-январда, Бишкекте Ленинград шаарын фашисттик курчоодон толук бошотуунун 75 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.

Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Ленинград курчоосунун каармандарына арналган Мемориалдык комплексте өткөн митинг-реквиемге Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, «Ленинград курчоосундагылардын кыргыз коому» акционердик коомунун төрагасы, Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Анна Кутанова, Бишкек шаарынын тургундары жана мектеп окуучулар катышты.

Ленинградды курчоодон толук бошотуунун 75 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кайрылуусун Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев окуп берди.

2019-жыл 25-январь