Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Кытай-Евразия» ЭКСПОнун ачылыш аземинде жана Кытай-Европа экономикалык кызматташтык форумунда сүйлөдү

2012-жылдын 2-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасына жасаган кыска мөөнөттүү жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Кытай-Евразия» ЭКСПОнун ачылыш аземинде жана Кытай-Европа экономикалык кызматташтык форумунда башкы мейманы катары чыгып сөз сүйлөдү.

Төмөндө мамлекет башчысынын сөзүнүн тезистерин келтиребиз.

«Урматтуу мырза Мамкеңештин Премьери Вэнь Цзябао!
Урматтуу Форумдун меймандары жана катышуучулары!
Айымдар жана мырзалар!

Ири алды, Кытай тарапка Эл аралык экинчи «Кытай-Евразия» ЭКСПО көргөзмөсүнө чакыргандыгы үчүн чын дилден ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Уюштуруу комитетине жана Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун элдик өкмөтүнө иш-чараларды мыкты уюштургандыгы жана жылуу кабыл алуусу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем.

«Кытай-Евразия» ЭКСПОнун ишине катышуу менен биз бүгүн Чыгыш менен Батышты, Кыргызстан менен Кытайды кылымдар бою соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана саясий-дипломатиялык түйүндөр менен байланыштырып турган Улуу Жибек жолунун кайра жаралуусунун күбөсү болуудабыз.

Илгеркидей эле бүгүн да Улуу Жибек жолу Кытайдан башталат. Бул жагынан алып караганда кеңири экономикалык жана социалдык кайра түзүүлөрдөн көрүнүп турган КЭРдин эффективдүү жана максатка багытталган саясаты, ошондой эле жалпы кытай элинин акылмандыгы өлкөгө дүйнөлүк жамаатташтыкта жетектөөчү орундардын бирин ээлөөгө мүмкүндүк түздү.

Тигил же бул өлкөдөгү окуялар коңшу өлкөлөргө гана эмес, бүтүндөй аймактарга таасир этип жаткан азыркы процесстердин ааламдашуу шарттарында бүгүнкү Форум абдан актуалдуу болуп саналат. Азыркы учурда дүйнөдөгү кырдаал олуттуу өзгөрдү. Алар кайсы жерде келип чыкса да, дүйнөлүк экономикадагы опурталдуу тенденциялар азыр эч кимди сыртта калтырбайт.

Бул баарыдан мурда чакан, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн олуттуу чакырык. Биз өз өлкөбүздө жасап жаткан реформалар дүйнөлүк турмуштун жаңы реалийлеринен улам келип чыкты. Мындай шарттарда биз өзүбүздүн күн көрүү рецептерибизди, өнүгүү рецептерибизди издөөгө мажбурбуз.

Улуу кытай ойчулу Мэн-цзы минтип айткан: “Улуу ишти аткаруу үчүн биринчиден, ал үчүн жагымдуу шарттар, экинчиден, географиялык ыңгайлуу жай жана үчүнчүдөн, адамдар ортосундагы тынчтык жана ынтымак зарыл”.

Бул жөнөкөй сөздөрдө чоң күч жана абдан терең, философиялык маани камтылган. Ааламдашуунун реалийлери бир эски акыйкатты ачыкка чыгарды: бир да өлкө, жалгыз-жарым жашап, өзүн бейпилдикте сезе албайт. Бүгүн аймактык кызматташтык саясый мода эмес, күн көрүүнүн жана өнүгүүнүн шарты болуп калды.

Аймактын өлкөлөрүндө жакырдыктын тамырын кыркуу түздөн-түз алардын экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу, андыктан өз ара пайдалуу аймактык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча ишти жигердештирүү зарыл. Аларды ишке киргизүү биздин өлкөлөрүбүздүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүн реалдуу алга жылдырып жана алардын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө плацдарм болуп калар эле.

Кыргызстан болгон азыр иштеп жаткан жана жаңы маршруттар менен жолдорду өнүктүрүүнү, транзитти либералдаштырууну колдойт. Бул Борбор Азиядагы деңиз жээгиндеги соода портторуна түз чыга албаган көпчүлүк өлкөлөр үчүн өтө маанилүү көйгөйлөрдөн болуп эсептелет. Бул жагдайда аймак үчүн «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорунун ролу өзгөчө маанилүү.

Биз өлкөлөрүбүздүн энергетика тармагындагы жигердүү карым-катышын колдойбуз. Улам күчтүүрөөк байкалып жаткан энергетикалык кризис өлкөнү аймактын энергетикалык коопсуздугу жөнүндө олуттуу ойлонууга, бул сектордо түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун ишенимдүү жолдорун издөөгө аргасыз кылууда. Аймактын өлкөлөрүнүн энергосистемаларын өз ара туташтыруу долбоору боюнча ишти жандандыруу өтө маанилүү болуп турат. 

Кымбаттуу достор! 

Кыргызстан менен Кытайды көп кылымдык достук жана жакшы коңшулук мамилелер байланыштырып турат.
Ошол эле учурда, көз карандысыздыктын биринчи күндөрүнөн тартып, биз улуу коңшубуз Кытай менен бардык чөйрөлөрдө – саясый, экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздук чөйрөлөрүндө стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө ар дайым өтө терең маани берип келебиз.

Дипломатиялык мамилелер орнотулган 20 жылдын ичинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда достукка, ишенимге жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген чыныгы жакшы коңшулук мамилелер калыптанып калгандыгын белгилөө кубанычтуу. Тарыхый түзүлүп калган чек ара көйгөйү ийгиликтүү чечилген. Биздин эки элди бириктирип турган жалпы тоолорубуз жана дайраларыбыз бар. Биздин өз ара карым-катышыбыз кыйла зирек жана туруктуу болуп калды.

Биздин жалпы күч-аракетибиз менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн шарттар түзүлүүдө. Кыргыз-кытай экономикалык кызматташтыгынын кыйла ачык мүмкүнчүлүктөрү биздин республикабыз үчүн да, жалпы Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да соода, энергетика, транспорт секторлорунда жатат.
 Айымдар жана мырзалар!

Бүгүн Кыргызстанда чет элдик инвесторлорго зарыл кепилдиктерди жана жеңилдиктерди бере турган укуктук база түзүлдү. Экономиканын ачыктыгы, либералдуу соода жана валюталык режим, бардык артыкчылыктары менен ВТОго мүчөлүк – мына ушунун бардыгы Кыргызстан инвестициялар жана соода үчүн келечектүү өлкө экендигин тастыктап турат.

Кыргызстан бүгүн инвесторлор үчүн ачык жана ачык-айкын кызматташууга даяр жана биз бардыгыңыздарды ушул мыкты мүмкүнчүлүктү жалпы гүлдөп-өнүгүү жана байлыгыбызды арттыруу үчүн пайдаланууга чакырабыз.” 

 

2012-жыл 3-сентябрь