Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ

«Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл толгонуна байланыштуу Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада.

Мамлекет башчысынын сөзү:

«Урматтуу мекендештерим!

Кыргыз тили — мамлекеттик тил деген статуска ээ болгонуна быйыл 30 жыл толду.

Баарыӊыздарды ушул маанилүү маараке менен чын дилимден куттуктайм.

Мамлекеттүүлүктү кайрадан түптөөгө жол ачкан „Мамлекеттик тил жөнүндө“ мыйзамдын кабыл алынышы — өлкөбүздүн тарыхындагы өзгөчө окуя болгон.

Ал мезгилде мындай кадамга баруу үчүн — өз тилин сүйгөн патриоттуулук гана эмес, жалтанбаган эрдик да керек болчу.

Бул демилгенин башында, өзүнүн дүйнөлүк кадыр-баркы менен совет жетекчилигине сөзү өткөн, улуу гуманист, улутубуздун сыймыгы — Чыңгыз Айтматов турган.

Атактуу сөз чебери Түгөлбай Сыдыкбеков да чоң салым кошконун терең урматтоо менен эстейбиз.

Кыргыз тилинин мамлекеттик статусун кайра кайтаруу — оңой-олтоң иш болбогонун жакынкы эле тарыхыбыз далилдеп турат.    

Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу даӊазалуу муун түптөгөн биринчи республиканын баш мыйзамында кыргыз тили — мамлекеттик тил катары конституциялык статуска ээ болгон.

1929-жылкы Кыргыз Автономдуу Советтик Республикасынын Конституциясында кыргыз тилинин, орус тили менен катар, мамлекеттик статусу бар болчу.

Баардык ченемдик укуктук актылар мамлекеттик ушул эки тилде жарыяланып, иш кагаздары эки тилде жүргүзүлө баштаган.

Бирок, 1937-жылкы Кыргыз ССРнын Конституциясында кыргыз тилинин мамлекеттик тил экендиги тууралуу берене алынып салынган.

Кыргыз тили үчүн күрөшкөн залкар мамлекеттик ишмерлер — улутчул аталып,  түрмөгө камалып,  репрессиянын курмандыгы болгон.

Бүгүн улуу инсандардын элесине дагы бир ирет таазим этип, алардын ысымдарын терең урматтоо менен эскеребиз.

Кыргыз тилине мамлекеттик статус берген мыйзамды кабыл алуу —  эгемендикке карай жасалган маанилүү кадам болгон.

Бул окуянын келечекте баа-баркы дагы бийиктейт.

Бүгүн отуз жыл мурда орун алган орошон окуяга катышкан бардык инсандарыбызга терең ыраазылык билдиребиз.

Андай ардактуу адамдарыбыздын көбү бүгүн ушул залда, арабызда катышып олтурушат.

Сиздерге чын дилимден рахмат айтам.

Урматтуу мекендештерим!

Ата-бабабыз башын канжыгага байлап коюп, канын-жанын аябай коргоп жүрүп, эӊ сонун, ажайып жерди калтырды.

Жаратканга сыйынып, табият менен ынак болуп, коомдогу гармонияны кармап жашаган кыргыздарды кылымдар бою сактап келген рухту, нарк-насилди калтырды.

Аны менен катар, дүйнөдө теңдеши жок маданий мурасты — „Манасты“ жараткан эне тилди — эң башкы дөөлөт катары калтырды.

Кийинки муун тили менен гана өз алдынча улут болот, тилибиз менен гана мамлекет болобуз.

Кыргыз тили — мамлекеттүүлүктү аныктаган негизги атрибут.

Тил — өз ара түшүнүүнүн гана куралы эмес, дүйнө таануунун, акыл–ой жүгүртүүнүн куралы.

Бабалардын бизге калтырган эң ыйык дөөлөттөрү — ааламды аңдап-билүүнүн, маданияттын, рухтун, адеп-ахлактын берметтери бизге тил аркылуу жеткен.

Кыргызды кыргыз кылган, дүйнөдө өз ордун таап, кылымдардын кыртышында жок болуп кетүүдөн сактаган — бул, биринчи кезекте, кыргыз тили.

Тил бизге таандык эмес, биз тилге таандыкпыз деп айтсак да болот.

Кылымдардын барагында, тарыхтын бүктөмүндө канча муундар калып кетти, ал эми биздин улуу тилибиз жашап келет.

Ошондуктан эне тилибиз — ата-бабабыз бизге калтырган ыйык аманат, биз урпактарга жеткирчү негизги милдет.

Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ. 

Урматтуу мекендештерим!

Алдыбызда эне тилди сактап калуу гана эмес, өнүгүп, өстүрүү, өркүндөтүү милдети турат.

Отуз жылдан бери кыргыз тили бир кыйла өнүктү, өстү, байыды.

Бирок, ойдогудай колдонулуп, өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил болуп, жашоо практикасына терең кире элек.

Кылымдарды карыткан кыргыз тили, „коомдо өзүнүн тарыхый ордун ээледи“ деп айтууга эртелик кылат.

Аны өлкөдөгү бардык этностор үчүн орток тил кылуу үчүн аткара турган милдеттер арбын.

Дароо эле айта кетейин, орус тилинин расмий тил катары макамы сакталат.

Орус тили — биз үчүн дүйнөлүк маданиятка, илим-билимге жетүүнүн көпүрөсү бойдон калат.

Коомубузда орус тилинин мааниси ылдыйлабайт. Кыргыз тилин — мамлекеттик тил катары дагы бекемдеп, өнүктүрүү үчүн жакынкы жылдары төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу зарыл.

Биринчиден, 2014-2020 жылдар үчүн кабыл алынган Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын мөөнөтү аяктап баратат.

Анализ көрсөткөндөй, аткарыла турган иштер дагы эле арбын.

Министрликтер менен ведомстволор, мекемелер иш кагаздарынын 0.4 пайыздан 60 пайызга чейинин гана мамлекеттик тилде жүргүзүп жатышат.

Иш кагаздардын дээрлик 60-90 пайызын расмий тилде даярдаган мамлекеттик мекеме-уюмдар бар.

 Алар тарабынан даярдалган документтер менен иш кагаздардын сапаты төмөн, сабаты начар.

Бул жагдай — тилибизге болгон ишенимди төмөндөтүп, мамлекеттик башкаруу органдарынын беделине доо кетирүүдө.

Жарандарыбызга мамлекеттик тилде сабаттуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө милдеттүү болгон кызматкерлердин тил сабаттуулугун көтөрүү үчүн чечкиндүү кадамдарга барышыбыз зарыл.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер „Кыргызтест“ системасынын талаптарына ылайык тийиштүү деңгээлде мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү.

Кыргыз тили боюнча программадагы милдеттерди кылдат талдап, баардык мамлекеттик органдардын аткарган ишине баа беребиз.

Экинчиден, мамлекеттин негизги символу, улутту улут кылган нукура касиет катары — кыргыз тилинин мындан ары кадыр-баркын өнүктүрүү абзел.

Ал үчүн кыргыз тилин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү милдети турат.  

Жаңы технологиялардын өнүгүшү менен илимде, билимде, жашоо практикасында жаңы мейкиндиктер пайда болду.

Массалык маалыматты жайылтуу, коомдук ар кандай иш-чараларды өткөрүү, мекемелерде иш кагаздарын жүргүзүү — негизинен  мамлекеттик тилде болушу абзел.

Юридикалык, экономикалык, технологиялык жана башка тармактарда кыргыз тилин өркүндөтүү зарыл.

Кыргыз тилин илимдин, интернеттин жана технологиянын тили кылуу — мезгилдин талабы.

Биз өз тилибизди азыркы заман талабы менен айкалыштыра билүүгө милдеттүүбүз.

Өкмөт жогоруда атап өткөн багыттагы иштерди күчөтүүсү зарыл.

Үчүнчү, кыргыз тилин өнүктүрүү — тилчилерден гана көз каранды эмес.

Тилди сактап, жашоо турмушубузга кеңири жана терең киргизүү — баарыбыздын милдетибиз.

Үй-бүлөдөн тартып, коомдук бардык институттардын милдети.

Ачыгын айтканда, маселенин өзөгү — өзүбүздүн, кыргыздардын жоопкерчиликсиз жана кайдыгер мамилесинде.

Шаардык ата-энелер — балдарыбыз менен кыргыз тилинде баарлашып, аны үй-бүлөнүн күнүмдүк нормасына айланткан жокпуз.

Балдарыбызга кыргыз адабиятын, кыргыз маданиятын, деги эле кыргыздын нарк-насилин сиңире албасак, аларга кантип кыргыздын тилин, рухун жеткиребиз?

Бүгүн ар-бир ата-энеге кайрылам: эне тилибиздин алдындагы милдетибизди, ата-бабалардын элесинин алдындагы зор жоопкерчилигибизди сезели.

Үй-бүлөдө тил маданиятын кайра калыбына келтирели.    

Ар бир үйдө жаштарыбыз, балдарыбыз мамлекеттик тилде сүйлөп, жазып, ой жүгүрткөндө гана тилибиз сакталат, өнүгөт, кийинки урпактарга жетет.

Ушул милдет ар дайым ар бир ата-эненин көңүлүнүн төрүндө болсун!

Ошол эле убакта, өзүбүздү кыргыз тилинин гана алкагы менен чектеп коюу — өлкөнүн өнүгүүсүнө залал келтирет.

Дүйнөлүк билимдин, технологиянын, маданияттын эшигин өзүбүз жаап салбайлы.

Өлкөбүз билимдүү, эне тили менен катар, бир нече чет тилдерде сүйлөп, пайдалана билген кесипкөй жаштарга муктаж.

Ааламга кеңири карап, жаштарга тарбия, билим берели, өзүбүз үлгү бололу.

Төртүнчү, тилди күч менен, зордук менен жайылтып, өнүктүрүү — мүмкүн эмес.

Тил — бул тирүү организм, анын өнүгүүсүнүн өз мыйзам ченемдери бар.

Көп жылдан бери кыргыз тилинин абалы боюнча олуттуу изилдөө жүргүзүлө элек.

Азыркы программанын кемчиликтерин, отуз жылдык тажрыбайбызды, турмуш чындыгын эске алып, акыл калчап, баарын салмактап, жаӊы программаны түзүү милдети турат.

Жаңы программа кагаз түрүндө эле калбашы үчүн — тилди өнүктүрүүнүн анык механизми, чыныгы жол картасы болушу зарыл.

Бул багыттагы иштерди азыртадан баштоо керек. Өкмөткө ушул өтүнүч менен кайрылам.

Жогорку Кеңештен Тил саясатын аныктаган мыйзамдар тутумун терең талдап, тиешелүү мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү өтүнөм.

Бешинчи, бардык билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин азыркы заманбап методика менен, жаңы техникалык каражаттарды колдонуу аркылуу  окутууга өтүүнү тездетүү зарыл.

Бала бакчадан баштап, мектепте, жогорку окуу жайында, жумуш ордунда кыргыз тилин үйрөнүүгө ыңгайлуу шарт түзүү абзел.

Турмуш көрсөткөндөй, башка улуттагы жарандар, кыргыз тилин жеңил үйрөнгүдөй, ийкемдүү окуу методикасына муктаж.

Жаштар үчүн кыргыз тилинде сүйлөө — аларга урмат-сый алып келгендей чөйрөнү түзүү зарыл.

Бул жерде Билим берүү министрлиги чечкиндүү роль ойнойт, бирок, ал жалгыз баарын жасай албайт.

Бул иштин маанисин мамлекет жетекчилеринен баштап, ар бир жаран, ар бир ата-эне жүрөгү менен сезип, ага чын дилинен катышканда гана  ийгилик болот. Муну Кыргызстандын ар бир атуулу колдойт деп ишенем.

Кадырман мекендештерим!

Залкар ойчул, улуу жердешибиз Чыңгыз Айтматов „Тил — ар бир элдин каны, жаны, улуттун автопортрети“ деген.

Ата-бабаларыбыз тилге өзгөчө маани беришкен.

Ар бир сөздү кыштай кынап, тоодой сепил куруп, бизге мурас кылышты.

Дүйнөдө теӊдеши жок көркөм дөөлөттү — „Манас“ эпосун жараткан кыргыз тили — жаӊы муундун жандүйнөсүн жаңыртып, улуттун улуу руханий байлыгына жеткирет.

Эне тилибизди кастарлап, барктап-баалайлы.

Мамлекеттик тилибиздин келечеги кең болсун.

Ынтымагы бекем, духу бийик, руху күчтүү, журт бололу!

Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан  Кудай Өзү колдосун!» 

2019-жыл 23-сентябрь